Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

24-сентябрь: Акаевдин арызы боюнча чечим, Ливанда 500дөй киши набыт болду


Аскар Акаев
Аскар Акаев

24-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жогорку Кеңештин комитети Аскар Акаевдин арызын четке какты

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 24-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын четке какты. Комитеттин токтомуна ылайык, маселе эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат. Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп арыз бергени 5-сентябрда белгилүү болгон. Аскар Акаевдин “экс” макамы 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган.

Өкмөт Элдик курултайдын делегаттарын бир жылга шайлоого каршы болду

Министрлер кабинети Элдик курултайдын делегаттарын бир жылдык мөөнөткө шайлоо боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна каршы болду. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев мыйзамда бир топ карама-каршылыктар бар экенин айтып, делегаттарды бир жылга шайлоо максатка ылайык болорун билдирди. Жыйынтыгында, комитет документти биринчи окууда колдоп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. Ал тапта президент үчүнчү Элдик курултай 20-декабрга белгиленди.

Улуттук банк акчанын көбөйүшү тууралуу түшүндүрмө берди

Улуттук банк Кыргызстанда соңку үч жылда акчанын массасы көбөйүп кеткени боюнча айтылган пикирлерге түшүндүрмө берди. Башкы банктын 24-сентябрда чыгарган маалыматына караганда, акчанын массасы 2020-жылдын соңунан тартып 2024-жылдын апрелине чейин 219,1 миллиард сомдон 394,2 миллиард сомго көбөйгөн. Ушул убакыт аралыгында өлкөнүн номиналдуу ички дүң өнүмү 92,1%, тагыраагы, 639,7 млрд сомдон 1,2 трлн сомго жеткен. Кыргызстандын экономикасында өндүрүш 2020-жылдан тартып 2023-жылга чейин 30,2% жогорулаган. Улуттук банк ушул себептерди негиз кылып, акчанын массасынын көбөйгөнүн экономиканын өсүшүнө байланыштырды.

Ажылыкка Кыргызстанга 6 миң квота бөлүндү

Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлдү. Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга бир катар медициналык талаптарды койгон. Ага ылайык, гемодиализ алып жаткандар, кычкылтек бет кабын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорусу барлар, боор циррозуна, аң-сезимге тоскоол болгон оор нерв жана психикалык дартка чалдыккандарга, химиотерапия алып жаткан рак оорусу барларга ажылыкка барууга уруксат берилбейт. Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ливанда Израилдин соккусунан набыт болгондор 500 кишиге жакындады

Израил армиясынын дүйшөмбүдө Ливандын түштүгүнө жасаган аба соккуларынан набыт болгондор 492 кишиге жетти. Алардын ичинен 35и балдар, 58и аялдар экени кабарланды. Дагы 1645 киши жараат алды. Израил АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган Ливандын “Хезболла” тобу курал-жарак сактаган жайларга сокку урганын билдирди. Бул окуя 2023-жылы Газада кармаш башталып, Израил менен Ливандын чек арасында абал курчуй баштагандан берки эң ири чабуул болду. 22-сентябрда Израил Ливандын түштүгүндө курал-жарак сакталган жерлерден алыс кетүүгө, ал жакта жашагандарды эвакуация болууга чакырып, Иран колдогон, Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган ливандык топ “Хезболлага” каршы “масштабдуу сокку” уруларын эскерткен.

АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскер жөнөтөт

Кошмо Штаттар Израилдин жана Ливанда жайгашкан “Хезболла” жоочулар тобунун ортосундагы кармаш күчөп, аймактагы абал курчуп жаткандыктан Жакынкы Чыгышка кошумча аскердик күч жөнөтүүдө. Бул тууралуу 23-сентябрда Пентагондун басма сөз катчысы Пэт Райдер билдирди. Бирок Жакынкы Чыгышка кайсы аскерлер, канча санда жана кандай максатта жөнөтүлөрүн так айтылган жок. Азыркы тапта бул аймакта америкалык 40 000 аскер кызматкери бар экени расмий айтылган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу үчүн АКШны “чечкиндүү” болууга чакырды

Бул күндөрү Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн украин лидери америкалык мыйзам чыгаруучулар менен жолугушуусунда Киевдин Вашингтонго ыраазычылыгын билдирип, Украинанын эркиндигин коргоодо АКШнын ролу чоң экенин белгиледи. Зеленский Орусияга каршы согушунда жалпы эл аралык коомчулуктун да жардамы зарыл экенин айтты. Украин лидери АКШга жекшемби күнү барган. Ал америкалык президент Жо Байденге, Конгресске жана президенттикке талапкерлер Камала Харрис менен Дональд Трампка «Тынчтык планын» сунуштайт. 24-сентябрда ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украинадагы кырдаал боюнча жыйынына катышат, шаршемби күнү Башкы Ассамблеяда сөз сүйлөйт.

Иранда көмүр шахтасындагы жарылуудан ондогон өмүр кыйылды

Иранда шахтадагы жарылуудан каза болгондордун такталган саны баштапкы маалыматка караганда төмөн экенин, азыркы тапта 38 өлүм тастыкталганын, 14 кишини издөө уланып жатканын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына таянып “Фарда” радиосу кабарлады. Кырсык 22-сентябрда өлкөнүн чыгышында, борбор калаа Тегерандан 540 чакырым аралыкта жайгашкан Түштүк Хорасан провинциясынын Тебес аймагындагы көмүр шахталарынын биринде болгон. Алгач каза тапкандар 51 киши деген расмий маалымат тараган. Жарылууга метан газы топтолуп калганы себеп экени кабарланган. Аймактын башчысы Жавад Генааттын айтымында, шахтанын ичинде калгандарды куткаруу ишинде ал жакта метандын деңгээли дагы эле жогору болгондуктан оорчулук жаралууда.

Италиянын түрмөлөрүндө жаза өтөп жаткан 12 кыргызстандык бар

Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында билдирди. Башкы прокуратура Кыргызстан менен Италиянын ортосунда соттолгондорду жана кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн жарандарды өткөрүп берүү боюнча келишимдин долбоорун сунуштады. Конкубаеванын айтымында, тараптар бул документтин долбоорун талкуулап, бир пикирге келген. Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгы учурда Европанын бир катар өлкөлөрүндө – Германияда, Румынияда экиден жаран, Словенияда, Словакияда, Молдовада, Францияда жана Литвада бирден жаран абакта экенин билдирет. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экстрадициялоо боюнча 18 мамлекет менен кызматташат.

XS
SM
MD
LG