Парламент Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү арызын четке какты

Аскар Акаев.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы сессиясында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке какты.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 24-сентябрдагы жыйынында ушундай эле токтом кабыл алган.

“Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында бир топ кыйынчылыктар болду. Жакшысынан жаманы арбын болду. Мына ушуга биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү бар”, - деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев.

Аскар Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп арыз бергени 5-сентябрда белгилүү болгон.

Бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров пикирин билдирип, Акаев бул боюнча аны менен кеңешпегенин айткан.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт.

Ага 1992-жылы Кумтөр долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыптар тагылган.

Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр боюнча сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.

2023-жылы президент Садыр Жапаров мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип сурак бергени, анын көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алууда пайдалуу болгонун айткан.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган. (BTo)

Дагы караңыз

ЖК “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун четке кактыДепутат уюлдук телефондорду каттатууда маселе болуп жатканын айттыУКМК “Кызыл-Белес” лыжа базасы мамлекетке кайтарылганын билдирдиУкраина Харьков шаары бомбаланып, адамдар каза болуп жатканын билдирдиКыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштадыБУУда Кыргызстан карызды "жашыл экономикага" алмашуу механизмин күчөтүүнү сунуштадыБУУда Садыр Жапаров дүйнөдө каражатты куралданууга эмес, өнүгүүгө жумшоого үндөдү