Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

БУУда Кыргызстан карызды "жашыл экономикага" алмашуу механизмин күчөтүүнү сунуштады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, 24-сентябрь, 2024-жыл
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, 24-сентябрь, 2024-жыл

Планетанын жашоосуна коркунуч келтирген эң кооптуу чакырыктардын бири болуп турган климаттын өзгөрүшү Кыргызстандан үч эсе аракетти талап кылууда. Бул тууралуу 24-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди.

Мөңгүлөрдүн тез эриши, табигый кырсыктардын көбөйүшү жана тоолуу экосистемалардагы суу ресурстарынын азайышы терең тынчсызданууну жаратып жатканын белгилеген мамлекет башчы мунун баары элдин жашоосуна коркунуч жаратарын, жакырчылыктын жайылышына, инфраструктуранын начарлашына алып келерин, андан экономика олуттуу зыян тартарын айтты.

“Кыргызстан үч чакырык алдында турат – бул өнүгүүгө инвестиция салуу, жакырчылыкты азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо муктаждыгы менен көмүртек нейтралдуулугуна жетүү. Бул багыттардын ар бири биздин өлкө жана аялуу жамааттар үчүн климаттык туруктуулукту камсыз кылуу контекстинде өзгөчө каржылоону талап кылат. Биз өнөктөштөрүбүз менен биргее иш алып барып, ийгиликке жетүүгө бекем ниеттенип жатабыз. Кыргызстан карызды "жашыл экономикага" алмашуу механизмин күчөтүп, бардык жерде жайылтууну сунуштайт”, - деди Жапаров.

Кыргызстандын президенти белгилегендей, бул өнүгүп келе жаткан жана азыраак өнүккөн өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүүгө жардам берет.

Жапаров Кыргызстан тышкы карызды климаттык жана туруктуу өнүгүү долбоорлоруна алмаштыруу механизмин сунуштап, тоолуу аймактардагы экологиялык долбоорлорду каржылай турган Климаттык трасттык фонд түзүү боюнча иш алып барып жатканын кошумчалады.

Былтыр жыл башында Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаган.

2021-жылы Шотландиянын Глазго шаарында өткөн глобалдык климаттык саммитте Кыргызстан 2030-жылга чейин абага чыккан зыяндуу газдарды 44% кыскартып, 2050-жылга чейин көмүрдөн толук баш тартып, гидроэнергетикага өтөрүн жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG