Өкмөт Элдик курултайдын делегаттарын бир жылга шайлоого каршы болду

Элдик курултай, 15-декабрь, 2023-жыл

Министрлер кабинети Элдик курултайдын делегаттарын бир жылдык мөөнөткө шайлоо боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна каршы болду.

Бул тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Ашырбаев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 24-сентябрдагы жыйынында өкмөттүн бул документ боюнча корутундусун окуп жатып айтты.

“Элдик курултай эгерде кайсы бир маселелерди чечүү үчүн чогула турган болсо делегаттарды белгиленген мөөнөткө эмес, курултай өткөрүү мезгилине гана дайындоо максатка ылайыктуу”, - деди ал.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев мыйзамда бир топ карама-каршылыктар бар экенин айтып, делегаттарды бир жылга шайлоо максатка ылайык болорун билдирди. Жыйынтыгында, комитет документти биринчи окууда колдоп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору быйыл март айында коомдук талкууга коюлган. Анда 700 делегат курултайды өткөрүү мезгилине гана шайланса, эми аларды бир жылдык мөөнөткө шайлоо сунушу жазылган.

Мындан сырткары Улуттук Кеңешти курултайдын ишин коомдук башталышта жүзөгө ашыруучу, жетектөөчү жана багыт берүүчү жумушчу органга айлантуу каралган. Азыркы мыйзамда насаат-кеңеш берүүчү жумушчу орган деп жазылган. Делегаттарынын укуктары жана милдеттери кеңири белгиленген.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам былтыр 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

Биринчи элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси былтыр декабрь айында өткөн. (BTo)

Дагы караңыз

Сара Верт USAID уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси болуп дайындалдыЛиванда Израилдин соккусунан набыт болгондор 500 кишиге жакындадыBloomberg: Орусия 2025-жылы аскердик чыгымдарын 27% көбөйтөтБалбан Акылбек Талантбеков спорттон төрт жылга четтетилдиTelegram бийлик талап кылса колдонуучунун IP дарегин жана телефон номурун ачыктайтТажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилди