Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Telegram бийлик талап кылса колдонуучунун IP дарегин жана телефон номурун ачыктайт


Telegram корпорациясы эгер анын мессенжерин колдонуу эрежелерин бузгандардын, мыйзамсыз иштери үчүн пайдаланып жүргөндөрдүн IP дарегин жана телефон номурун кайсы өлкөнүн болбосун тартип коргоо органдары расмий түрдө сурап кайралса, бардык тийиштүү маалыматты аларга берет. Бул тууралуу 23-сентябрда Telegram негиздөөчүсү Павел Дуров билдирди.

Дуров азыркы тапта Францияда соттук көзөмөл алдында болууда. Ал август айынын соңунда кармалып, төрт күндөн кийин күрөөгө бошотулган. Француз бийлиги ага Telegram ишмердүүлүгүнө, анын ичинде күч органдары менен кылмыш иликтөөдө кызматташуудан баш тартканына байланыштуу айыптар коюлганын билдирген.

Дуров Telegram колдонуучулары үчүн жазылган эрежелер жаңыланганын жарыялап, соңку апталарда мессенжердин модераторлору жасалма интеллекттин жардамы менен анын издөө системасындагы зыян деп бааланган контенттин баарын өчүрүп чыгышканын кошумчалады.

Эгер мурда Telegram колдонуучуларынын арасынан кимдир бирөөнү күч органдары терроризмге шектүү деп эсептесе, анын IP дареги жана телефон номуру ачыкталат деген эреже бар болчу. Эми эреже өзгөрүп, жаңы редакцияда "Эгер Telegram тиешелүү сот органдарынан сиз Тейлөө шарттарын бузган кылмышка шектүү экениңизди тастыктаган ордер алса, биз аны юридикалык жактан карап чыгабыз жана сиздин IP дарегиңиз менен телефон номуруңузду тиешелүү органдарга ачыктап бере алабыз», - деп белгиленди.

Ачыктык боюнча баяндама жылына эки эмес, төрт жолу даярдалып турары маалымдалды.

Франциянын прокуратурасы жана Telegram ишмердүүлүгүн сындагандар бул мессенжерди маңзат сатуучулар жана балдар порнографиясын таратуучулар колдонууда деп айтып жатышат.

Дуров камактан чыккандан кийинки билдирүүсүндө бийлик органдары менен кызматташууну убада кылып, Telegram мессенжерин кылмыш жасоо үчүн колдонгондордун кесепети абийирдүү колдонуучуларга тийбеши керектигин айткан. Анын билдиришинче, колдонуучулардын жалпы саны миллиардга жакын адам. (RK)

XS
SM
MD
LG