Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Ливанда Израилдин соккусунан набыт болгондор 500 кишиге жакындады


Ливан. 2024-жылдын 23-сентябры.
Ливан. 2024-жылдын 23-сентябры.

Израил армиясынын 23-сентябрда Ливандын түштүгүнө жасаган аба соккуларынан набыт болгондор 492 кишиге жетти. Алардын ичинен 35и балдар, 58и аялдар экени кабарланды. Дагы 1645 киши жараат алды. Израил АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган Ливандын “Хезболла” тобу курал-жарак сактаган жайларга сокку урганын билдирди.

Бул окуя 2023-жылы Газада кармаш башталып, Израил менен Ливандын чек арасында абал курчуй баштагандан берки эң ири чабуул болду. 22-сентябрда Израил Ливандын түштүгүндө курал-жарак сакталган жерлерден алыс кетүүгө, ал жакта жашагандарды эвакуация болууга чакырып, Иран колдогон, Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган ливандык топ “Хезболлага” каршы “масштабдуу сокку” уруларын эскерткен.

Өткөн жумада пейжерлер менен рациялардын жарылуусунан улам кырдаал курчуп кеткенге чейин, Ливанда ЦАХАЛдын соккуларынан набыт кеткендердин саны 600дүн тегерегинде болчу. Алардын көбү “Хезболла” террордук тобунун жоочулары, ал эми 100дөйү карапайым тургундар эле.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана Ливан менен чек арасында ХАМАСтын өнөктөшү “Хезболлага” каршы согушууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты. (BTo)

XS
SM
MD
LG