Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Сара Верт USAID уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси болуп дайындалды


Сара Верт.
Сара Верт.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID - ЮСАИД) Кыргызстандагы миссиясынын жаңы директору болуп Сара Верт дайындалды.

Сара Верт буга чейин USAID уюмунун Нигериядагы миссиясынын директорунун орун басары болуп иштеген. Андан тышкары Тунис, Гондурас, Гватемала, Колумбия жана Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдө да эмгектенген.

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин маалыматы боюнча, уюм акыркы 20 жылдын ичинде Кыргызстанга 800 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

Каражат бизнести жана сооданы алдыга жылдыруу, билим берүүнү жана айыл чарбасын жакшыртуу, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен саламаттыкты сактоону бекемдөөгө сарпталган. Ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG