Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Bloomberg: Орусия 2025-жылы аскердик чыгымдарын 27% көбөйтөт


Орусиянын президенти Владимир Путин жана аскердик жетекчилер.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана аскердик жетекчилер.

Bloomberg агенттиги 2025-2027-жылдарга федералдык бюджеттин долбоорун изилдеп чыгып, 2025-жылы Орусия аскердик чыгымдарын быйылкы жылга салыштырмалуу 27% көбөйтүүнү пландап жатканын жазды.

Ага ылайык, Орусиянын коргоо тармагына кеткен чыгым 13,2 триллион рублди түзүшү керек (2024-жылы ал 10,4 триллион болгон). Бул Орусиянын жалпы ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) 6,2% түзөт.

Жалпысынан улуттук коргонууга жана улуттук коопсуздукка кеткен чыгым өлкөнүн 2025-жылга карата жалпы бюджетинин 40% жакынын түзөт. Бул өлкөнүн билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык тармакка бөлүнгөн каражаттан да көп.

Бюджеттин жашыруун бөлүгү 12,9 триллион рублди түзүшү керек (2024-жылы жашыруун беренелерге 11,1 триллион рубль бөлүнгөн). Бул жалпы бюджеттин 30% жакынын түзөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG