Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун 35 чакырымы курулуп бүттү

Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу иши.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун 35 чакырымы курулуп бүткөнүн билдирди. Мекеме темир жолду куруу иштери ушул тапта Нарын облусунун Кочкор районунда жүрүп жатканын жана ага 100дөн ашык жумушчу, 60ка жакын атайын техника тартылганын кошумчалады.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы ишке ашырып жаткан 186 чакырымга созулган “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктай турганы, ага өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.

Андан көп өтпөй “Кыргыз темир жолу” Орусиянын компаниялары аталган темир жол долбооруна катышарын билдирген. Буга байланыштуу аталган мекеме “Орусиялык экспорттук борбор” жана “РЖД интернешнл” компаниялары менен 2022-жылы 9-декабрда Бишкекте үч тараптуу меморандумга кол койгон. (BTo)

Дагы караңыз

Тажикстанда улгайган оппозиционер ооруканадан кайра түрмөгө которулдуМинистрлик кызамыкка чалдыккандар азайганын билдирдиОрусия Донецкиде АКШ жараны кыйнап өлтүрүлгөнүн билдирдиАрмян активисттери Тоолуу Карабактагы адам укугун көтөрүштүПрезидент сот системасындагы реформа уланарын билдирдиКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсионерлерге электр кенемтеси төлөнбөйтБишкекте жыл аягына чейин 2 миңден ашык батир ипотекага берилет