Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Орусия Донецкиде АКШ жараны кыйнап өлтүрүлгөнүн билдирди


Рассел Бентли.
Рассел Бентли.

Орусиянын Тергөө комитети Украинанын Москва көзөмөлдөгөн Донецк шаарында АКШнын жараны Рассел Бентлинин өлүмү боюнча тергөө аяктаганын билдирди. Мекеменин 20-сентябрдагы маалыматына караганда, аны кыйнап өлтүрүшкөн жана кылмышынын изин жашырууга аракет кылышкан.

64 жаштагы Бентли быйыл 8-апрелде Донецкиде дайынсыз жоголгон, анын сөөгүн он күндөн кийин табышкан. Жергиликтүү маалымат булактары аны орусиялык аскер кызматкерлери аскердик базага жасалган ракеталык соккуну видеого тартканы үчүн тыңчылыкка айыптап, уурдап кетишкенин жазышкан. Аялы орус бийлигинен бул окуяны териштирүүнү талап кылган.

Кармалгандардын бирине да адам өлтүрүү боюнча айып тагылган жок. РБК билдиргендей, алар кызмат абалынан аша чапкан, өлгөн кишинин сөөгүн мазактаган жана кылмышты жашырган деп гана айыпталууда.

Америкалык жаран Донецкиде 2014-жылы бул шаарды орусиячыл жикчилер ээлеп алгандан бери жашап келген. Башында алардын катарында согушуп жүргөн, кийин жергиликтүү тургундарга гуманитардык жардам чогултуп, видеоблог жүргүзүүгө өткөн. Кремлдин үгүтчүлөрү анын берген маалыматтарын өз материалдарында колдонуп келишкен. Бентли орусиялык мамлекеттин "Спутник" агенттиги менен да кызматташчу.

Өзүн "донбасстык ковбой" атаган Бентли АКШ өкмөтүн сындап да жүргөн, Донецкиде жашап калгандан бери ал Орусия жарандыгын алган. (RK)

XS
SM
MD
LG