Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Бишкекте жыл аягына чейин 2 миңден ашык батир ипотекага берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында быйыл жыл аягына чейин жарандарга ипатекага 2 184 батир берүү пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов 20-сентябрда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, анын ичинен Калык Акиев көчөсүндө салынып жаткан үйдөн 216, “Жал” кичи районунан 288, Скрябина көчөсүндө салынып жаткан турак жайдан 549, Маликов көчөсүнөн 986, Юдахин көчөсүнөн 81, “Тунгуч” кичи районунан 54, Анкара көчөсүнөн 10 батир берилет.

Ал Кыргызстанда ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн жалпы 139 гектардан ашык жер бөлүнгөнүн, ушул тапта мамлекеттен ипотекага үй алуу үчүн 32 395 адам кезекте турганын кошумчалады. Алардын көбү Бишкек шаарында.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG