Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Министрлик кызамыкка чалдыккандар азайганын билдирди


Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.
Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар азая баштаганын кабарлады. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 1-сентябрдан 17-сентябрга чейин өлкөдө кызамык оорусу 49 адамга жуккан. Ал эми июль айында 828, августта 260 учур катталган.

2024-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык жалпы 13 320 кишиге жуккан.

СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн, Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм учурлары да сейрек кездешчү. Диний ишенимдерден улам вакцинадан баш тартуу адаты 2012-жылдан башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткен. Натыйжада ири эмдөө кампаниясы жүргөн.

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, жылына 2000 учур катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.

2020-жылкы коронавирус пандемиясы дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда пландуу эмдөөгө кедергисин тийгизген жана анын айынан 2023-жылы көп өлкөлөрдө кызамык кайрадан күч алган. Кыргызстанда кызамык оорусу былтыр жыл башында кайрадан башталган.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) колдоосу менен былтыр дароо ири эмдөө өнөктүгүн баштаган. Вакцинациялоо быйыл да улантылып жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен анын ичинен көбү диний ишенимине байланыштуу эмдөөдөн баш тартканы себеп болгонун кайталап келет.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG