Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул тууралуу анын Бишкектеги №1 тергөө абагынан жазган катын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Катта президенттен ага каршы куугунтуукту жана мыйзамсыз козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алууну сураган. Жоомарт Карабаев катты адвокаты Акынбек Ногоев берген. Бул маалыматты адвокат да ырастап, Жоомарт Карабаевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөнүн, биринчи соттук отурум 8-октябрга дайындалганын айтты. Атайын кызмат катка байланыштуу комментарий бере элек.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.
Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.
Ал Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып жаткан. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес. (BTo)
Дагы караңыз
Төрөбаев майда дыйкан чарбалар кооперативге биригерин билдирдиЖаңы жылдан тартып Москвада мигранттар тейлөө тармагында иштей албайтКосово Сербиянын талаптарын четке кактыОрусиянын Тверь облусундагы курал-жарак кампасы өрттөнүп, эл эвакуация болуудаУКМК “Аю Холдингдин” мурдагы президенти кармалганын билдирдиТоолуу региондорду өнүктүрүүнүн "Жол картасы" талкууланды“Женго” каймана аты бар Досоновдун иши сотто карала баштады