Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

УКМК “Аю Холдингдин” мурдагы президенти кармалганын билдирди


“АЮ Холдингдин” логотиби.
“АЮ Холдингдин” логотиби.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Аю Холдинг” ишканасынын мурдагы президенти Бактыбек Өмүракунов уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал Өзбекстанда бизнес кылуу үчүн өзбекстандык кримтөбөл, “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанылган Салим Абдувалиев менен байланыш түзгөнү аныкталган.

“Аю Холдингдин” мурдагы жетекчиси уюшкан кылмыштуу топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме алган. Бактыбек Өмүракуновдун адвокаты же жакындары УКМКнын маалыматына комментарий бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен быйыл август айында өзбекстандык кримтөбөл Салим Абдувалиевге издөө жарыялаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган.

Ташкенттин Мирабад райондук соту Салим Абдувалиевди 19-мартта алты жылга абакка кескен. Ага Кылмыш кодексинин “Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренеси боюнча айып тагылган.

“АЮ Холдинг” мындан 20 жыл мурда негизделген. Анын негиздөөчүсү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов издөөдө жүрөт. Бишкектин Биринчи май райондук соту ушул жылдын 17-апрелинде “Аю Холдингге” байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаевге жана беш кызматкерине өкүм чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG