Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Косово Сербиянын талаптарын четке какты


Албин Курти.
Албин Курти.

Косовонун премьер-министри Албин Курти Сербиянын президенти Александр Вучичтин өткөн аптада жергиликтүү сербдердин косоволук мекемелерге кайтуусу тууралуу талабын "карөзгөйлүк" деп атады. 17-сентябрдагы билдирүүсүндө Курти аларды "жаңы чыр-чатактарды тутандырууга багытталган агрессивдүү өнөктүктүн" бир бөлүгү деп атады.

Шейшембиде Брюсселде Европа Биримдигинин атайын өкүлү Мирослав Лайчак Сербиянын Косово менен байланыш боюнча директору Петар Петкович жана Косовонун вице-премьери Бесник Бислими менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөрүп, үч тараптуу сүйлөшүү уюштурууга аракеттенди, бирок натыйжа болгон жок.

Балкан жарым аралындагы бул коңшу эки өлкөнүн өкүлдөрү Брюсселге эл аралык ортомчулардын жардамы менен ортодогу алаканы жакшыртуу боюнча буга чейинки милдеттенмелеринин аткарылышы тууралуу сүйлөшүү аракети менен барышкан.

Лайчак сүйлөшүү аракети улана берерин, эки тарапка тең ачык экенин айтты, ал эми Бислими менен Петкович бирин бири үч тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүгө макул боло албаганы үчүн айыпташты.

Өткөн аптада Вучич Косовонун түндүгүндө жаңы жергиликтүү шайлоо өткөрүү, сербдердин Косово полициясы менен сот системасына кайтып барышы жана Косово полициясынын атайын бөлүктөрүнүн түндүк аймактан чыгып кетиши тууралуу талаптарды койгон. Ал Косоводогу сербдерге Сербиянын колдоосу "олуттуу жана кескин түрдө" күчөтүлөрүн айткан.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлүн 1999-жылы жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110дой мамлекети тааныды. Сербия Косовону өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Косовонун эгемендигин расмий Белграддын башкы союздаштары саналган Кытай менен Орусия да тааныбай келет.

Косовонун 1,8 миллиондой калкынын 92 пайызын албандар, алты пайызга жакынын сербдер түзөт. Сербдер Косовонун түндүк аймактарында басымдуу.

Быйыл март айында эки өлкөнүн президенттери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде айыптаган билдирүүлөрдү жасашкан.

Косово президенти Вьоса Османи Сербияны "Косовонун түндүгүндөгү этникалык сербдердин косоволук институттарга интеграция болушуна жол бербей жатат" деп, ал эми Сербиянын президенти Александр Вучич "дүйнө бул аймакта жашаган сербдердин оор абалына жетиштүү көңүл бурбай келет" деп айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG