Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

“Женго” каймана аты бар Досоновдун иши сотто карала баштады


Кадырбек Досонов.
Кадырбек Досонов.

“Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досоновдун иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Бул маалыматты “Азаттыкка” анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ырастады. Иш сотко качан өткөнү тууралуу маалымат жок.

2023-жылы 13-январда Ош шаарында топ адам бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир киши өлүп, дагы бири катуу жабыркаганы маалым болгон. Ош шаардык милициясы адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган Кадырбек Досонов баштаган беш кишини кармаган. Кийин ушул эле ишке байланыштуу жалпы тогуз шектүү колго түшкөнү белгилүү болгон.

Ал 2023-жылдын ноябрь айында дагы башка кылмыш ишине байланыштуу күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке которулган. Бирок кайсыл иш экени айтылган эмес.

Кадырбек Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун бир катар мүчөлөрү, анын ичинде Кадырбек Досонов да кылмыштуу топтон, мындай идеялардан баш тартканы айтылган видеолор чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG