Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Орусиянын Тверь облусундагы курал-жарак кампасы өрттөнүп, эл эвакуация болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан Тверь облусунун Торопец шаарында бүгүн 18-сентябрда дрон чабуулунан улам жарым-жартылай эвакуация жарыяланды. Шаардын аймагында жарылуу болуп, андан кийин катуу өрт тутанганын, курал-жарак сакталган кампалардын бири бутага алынганын социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып, сүрөт жана видеолорун жарыялап жатышат.

Облус башчысы Игорь Руденя билдиргендей, өрттүн чыгышына атып түшүрүлгөн жанкечти дрондун сыныгы түшкөнү себеп болду.

Торопец калаасынын айрым тургундары коңшу шаарларга чыгып кетүүдө, ал жактарда мектептер жана бала бакчалар убактылуу жабылып жатканы кабарланууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги 18-сентябрга караган түнү өлкө аймагында жалпысынан 54 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кабарлаган. Мекеменин маалыматында Курск, Брянск, Смоленск, Белгород жана Орел облустары аталган, бирок Тверь боюнча эч нерсе айтылган эмес.

Торопецте курал-жарак, ракета жана жардыргыч зат сакталуучу кампа бар экени буга чейин расмий айтылып келген.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында баштаган. Украина коңшусунун толук масштабдуу агрессиясын токтотуунун негизги жолдорунун бири анын украиндерге каршы колдонуп жаткан курал-жарагын жеринен жок кылуу экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG