Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы казак көкпарчыларын “Биримдик Кубогуна” чакырды

Казакстандагы Көчмөндөр оюндары учурундагы көкбөрү оюну.

Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы казак көкпарчыларын 1-ноябрга “Биримдик Кубогуна” чакырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.

“Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы Казакстандын Көкпар федерациясы менен кызматташтыгын мындан ары да улантат жана тыгыз иштешкенге даярбыз. Көчмөндөр оюндарында түшүнбөстүк болгону бул калыстардын катачылыгынан болду. Оюндагы калыстар үчүн же бир-эки оюнчунун айынан эки эл бири-бири менен кайым айтышпашы керек. Биз көкбөрү күйөрмандарын ынтымакка чакырабыз", - деди Жунусалиев.

Астанада өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар жана көкбөрү боюнча оюндар өз-өзүнчө өткөн. Көкбөрүдөн финалдык беттеште кыргыз курамасы Казакстандын көкбөрү курамасы менен беттешип, 10:4 эсебинде жеңишке жетти. Көкпардан да финалда казак жана кыргыз курамалары күч сынашып, Казакстан 5:4 эсебинде уткан.

Көкпардан өткөн финалдык оюн учурунда чыр чыгып, оюн 35 мүнөттөй токтотулган. Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө эсеп 3:1 болгондо Казакстан курамасынын оюнчусу Улан Байтөреев атаандашы Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберген. Ушундан улам нааразылык болуп, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт 7 секунд калганда оюн токтотулуп, кийин кайра уланды. Бул оюндан кийин күйөрмандар арасында нааразылык жаралып, Кыргыз көкбөрүчүлөрү оюн калыс болбогонун айтышкан.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкбөрүдөн өткөн мелдештерге алты команда, көкпардан өткөн мелдештерге тогуз команда катышты. (GT)

Дагы караңыз

Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды ИИМдин Орусиядагы өкүлү Исмайил Сагыналиев каза болдуТрампка кол салуу аракети, Флоридадагы атышуу тууралуу маалымат айтылдыХарьковдогу чабуулда адам өмүрү кыйылып, 40тан ашуун киши жараат алды Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирет