Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирет


"Коопсуз шаар" долбоорунун камерасы. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
"Коопсуз шаар" долбоорунун камерасы. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында бүгүн, 16-сентябрдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирет. Калаа мэриясынан кабарлашкандай, ушул күндөн баштап атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып, айып пул салынат. Маалыматка караганда, кесилиштерге орнотулган камера жол эрежелерин бузуунун төмөнкү түрлөрү боюнча аныктайт:

  • Ылдамдыкты ашырууда;
  • Маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурда;
  • Каршы жол тилкесине чыгууда;
  • Коопсуздук курун тагынбаганда;
  • Жөө жүргүнчүлөргө жол берилбегенде;
  • Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда;
  • Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде токтогондо;
  • Жол белгилерине маани берилбеген учурда;
  • Тыюу салынган жерден жөө өтүүдө;
  • “Стоп” сызыгына чейин токтоткон учурда жана жол кыймылынын эрежелерин сактабаганда;
  • Тротуарга унааны токтоткондо.


Жол эрежесин бузгандарга карата бир айдын ичинде айып пулдар расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт.

Буга чейин Ош шаарында "Коопсуз шаар" долбоору 1-июндан тартып ишке кирери, азырынча бул долбоор пилоттук негизде иштей турганы айтылган. Мэрия аталган долбоор Ошто ноябрь айынан тарта толук кандуу ишке кирерин белгилеген. Мэриянын маалымдашынча, биринчи баскычта шаарга 44 жерге көзөмөлдөөчү камера орнотулган. Эми мындан ары айдоочулар эң көп жол эрежесин бузган кесилиштерге үч буттуу камералар коюлат.

Өткөн жылдын декабрь айында шаар бийлиги сынак жарыялап, ага орусиялык “Мегафон” компаниясы жалгыз катышып, жеңүүчү болгон. Компания кызматы үчүн беш жыл ичинде 2,5 млрд сом киреше табууну көздөгөн.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG