Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Харьковдогу чабуулда адам өмүрү кыйылып, 40тан ашуун киши жараат алды


Харьков, чабуулдан кийин.
Харьков, чабуулдан кийин.

Жекшемби күнү орус армиясынын Украинанын Харьков шаарына жасаган чабуулунан көп кабаттуу турак үй катуу зыян тартты. Соңку маалыматтарга караганда, бир киши каза болду. Улгайып калган аялдын сөөгүн урандынын астынан алып чыгышты. Бул тууралуу шаар мэри Игорь Терехов билдирди. Жараат алгандардын саны 42ге жетти, алардын төртөө балдар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский күйүп жаткан үйдүн сүрөтүн жарыялап, батирдин 9 жана 12-кабаттарынын ортосунда өрт тутанганын, анын жанындагы үйлөр дагы жабыркаганын билдирди.

Харьков облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов сокку Немышлянск районуна урулганын, жарандык инфратүзүм зыян тартканын ырастады. Орус аскерлери Харьковго башкарылуучу авиабомба таштаган. Киев чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Мунун алдында Украинанын Аба күчтөрү жекшембиге караган түнү орус армиясы өлкөнүн аймагында "Искандер-М" баллистикалык жана Х-59 авиациялык ракета менен чабуул жасаганын билдирген. Мындан сырткары 19 учкучсуз учактар менен сокку урулган.

Украин командачылыгынын маалыматына караганда, бир Х-59 ракетасы жана 10 дрон атып түшүрүлгөн. "Искандер-М" аннекцияланган Крым тараптан Одесса облусуна атылган. Облустун аскерий администрациясынын башчысы Олег Кипер шаар четинде эки киши каза болгонун, жараат алган аял ооруканага жаткырылганын Телеграмм каналына жазды. Анын белгилешинче, турак жайлар жана чарба курулуштары зыян тарткан.

Абадан коргонуу системасы Днепропетровск, Сумы, Полтава жана Николаев облустарында иштеди.

Николаев облусунун администрация башчысы Уиталий Ким орус армиясы жекшемби эртең менен дрондор менен жеңил автоунаа жана кичиавтобусту аткылаганын, андан жергиликтуү эки тургун жараат алганын билдирди.

Расмий Москва көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан карапайым тургундарга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG