Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Трампка кол салуу аракети, Флоридадагы атышуу тууралуу маалымат айтылды


Трамп жайындагы кол салуудан кийин, 13-июль, 2024-жыл. Пенсильвания, Батлер.
Трамп жайындагы кол салуудан кийин, 13-июль, 2024-жыл. Пенсильвания, Батлер.

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу жекшемби күнү Флорида штатынын Уэст-Палм-Бич шаарындагы гольф аянтчасында, Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп жүргөн учурда болгон ок атуу фактысын саясатчыга каршы жасалган кол салуу аракети катары иликтеп жатканын билдирди.

Шектүү кармалганы кабарланды. Маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда, ал 58 жаштагы Райн Рут аттуу жаран. Анын буга чейин дагы бир нече мыйзам бузганы аныкталган. 2023-жылы Рут New York Times гезитине маек берип, мурдагы ооган армиясынын жоокерлерин Украинанын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө көндүрүүгө жардам бергенин жана 2022-жылы Украинада бир нече ай болгонун айткан. Шектүү эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Associated Press басылмасынын жазганына караганда, ал 2020-жылы Дональд Трамптын талапкерлигин колдой турганын социалдык тармактарда жарыялаган. Бирок акыркы учурда Жо Байден менен Камала Харристин тарапташы болгон.

Жашыруун кызматтын агенти гольф аянтчасын курчап турган жашыл бактардын арасынан автоматтын стволун байкап калгандан кийин эскертүү иретинде ок чыгарган. Дональд Трамп ошол маалда төрт жүз метрдей алыс жерде гольф ойноп жаткан. Шектүү атууга үлгүргөнбү, жокпу азырынча белгисиз. Ал унаасы менен качууга аракет кылган, бирок көп өтпөй шектүүнүн унаасын сүрөткө тартып алган күбөлөрдүн жардамы менен кармалган. Гольф аянтчасынын тосмосунун артындагы бактардын арасынан снайпердик жарым автомат мылтык (винтовка) жана видеокамера табылган.

Америкалык маалымат каражаттарынын тартип коргоо органдарындагы булактары окуя экс-президенттин өмүрүнө кол салуу аракети катары иликтенип жатканын ырасташты.

Дональд Трамп өз тарапташтарына электрондук кат жолдоп, коопсуз экенин, өзүн жакшы сезип жатканын жана "эч качан чегинбей" турганын белгилеген.

Трамптын тааандашы, вице-президент Камала Харрис билдирүү жасап, Америкада зомбулукка орун жок экенин айтты. Президент Жо Байден экс-президенттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык ресурсту бөлүүнү тапшырды.

Ак үй Байден менен Харриске окуя тууралуу маалымат берилгенин, алар Трамп аман-эсен экенине кубанганын билдирди.

13-июлда Батлер шаарында шайлоочулары менен жолугушууда трибунада сүйлөп жаткан учурда атылган ок Трамптын оң кулагын чийип кетип, жараат алган. Полиция бул окуяны кол салуу аракети деп иликтеп жатканын билдирген. Ок чыгарган киши 20 жаштагы жергиликтүү тургун Томас Мэтью Крукс экенин, ал иш-чара өтүп жаткан жерден анча алыс эмес жайгашкан имараттардын биринин чатырынан атканын, өзү ошол жерден жок кылынганын ФБР кабарлаган.

XS
SM
MD
LG