Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

ИИМдин Орусиядагы өкүлү Исмайил Сагыналиев каза болду


Исмайил Сагыналиев.
Исмайил Сагыналиев.

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Исмайил Сагыналиев 45 жаш курагында каза болду. Аталган министрлик Сагыналиевдин күтүүсүз каза болгонун белгилеп, себебин ачыктаган эмес. Маркумдун кесиптештери анын кырсыктан каза болгонун жазышты.

1979-жылы туулган Исмайил Сагыналиев 2022-жылы августта ИИМдин Орусиядагы өкүлү болуп дайындалган. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, ал алгач Кыргыз улуттук университетин, андан кийин ИИМдин академиясын аяктаган жана ички иштер органдарында 2003-жылдан бери иштеп келген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Орусияда 400 миңден ашуун кыргызстандык иштеп-жашайт. Соңку кезде бул өлкөдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктар арасында маңзат ташуу жана башка кылмыштарга байланыштуу абакка түшкөндөр көбөйгөнүн укук коргоочулар белгилеп келишет.

Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстандын 1418 жараны чет мамлекеттерде сот жообуна тартылып, жазасын өтөөдө. Алардын ичинен 1167 адам Орусияда, 83ү Казакстанда. Иракта 41, Түркияда 30, Өзбекстанда 22 киши абакта жатат. Былтыр 100дөн ашуун кыргызстандык орус абактарынан мекенине которулган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG