Ош - Эркечтам жолундагы кырсыктан бир бала каза болду

Иллюстрация

Кара-Суу районунда Ош - Эркечтам унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир бала каза болду. Бул тууралуу 13-сентябрда “Азаттыкка” Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүмдөр биринин атасынын унаасын жашырып айдап чыгышкан. Алар эки унаа болуп баратып, бири жол боюнда токтоп турган унааны барып сүзгөн.

"Окуя 13-сентябрга караган түнү саат 2лер чамасында болгон. Азырынча бул иш райондук милицияда. Алты бала ооруканага түшүп, бир бала каза болгон. Алардын баары 2008-2009-жылкы балдар ",-деди Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Бакыев.

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2023-жылы 7 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болду. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп.

2022-жылы өлкөдө 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (DSh)

Дагы караңыз

Азимбек Бекназаров кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого шектелип жатканы айтылды УКМК ЖК депутаты Молдобекованын кеңешчиси тууралуу маалымат берди Вьетнамда "Яги" тайфунунан каза тапкандар 197 кишиге жеттиМилиция баласына зомбулук көрсөткөн жаран тууралуу маалымат берди