Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:52

Азимбек Бекназаров кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого шектелип жатканы айтылды


Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Саясатчы Азимбек Бекназаров Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси боюнча (кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого) суракка алынгандан кийин камалганын анын уулу Руслан Бекназаров журналисттерге билдирди. Руслан Бекназаров бул атасынын 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Темир Сариев, Алмазбек Атамабев менен болгон телефон сүйлөшүүлөргө байланыштуу экенин белгиледи.

Анын айткандарына караганда, Азимбек Бекназаров буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке эки жолу сурак берген. Биринчи жолкусунда Сариев, экинчисинде Атамбаев менен сүйлөшүү тууралуу сураган. Үчүнчү жолу суракка чакырган учурда кармаган.

2010-жылы Убактылуу өкмөт өкүлдөрү Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдуку делген адамдардын бажы кызматынын жетекчилигине дайындоодо 400 миң доллар пара алуулар жөнүндө сүйлөшкөнү ачыкка чыгып кеткен эле. Анда Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевди “400 миң доллар пара алгансың” деп айыптаган. Кийин Атамбаев маалымат жыйын өткөрүп, ушундай сүйлөшүү болгонун мойнуна алган. Бирок Бекназаровдун “400 миң доллар пара алгансың” деген сөзү чындыкка жатпай турганын белгилеген.

Анын алдында интернет айдыңына Убактылуу өкмөттүн өкүлү Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдуку делген телефон сүйлөшүүсү да чыгып кеткен. Анда бир миллион доллардын изин жашыруу тууралуу кеп болгон. Темир Сариев бул сүйлөшүү тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип, каражат өлкөнүн коопсуздугу үчүн жумшалганын айткан. Кийин бул жаңжал бир нече жолу көтөрүлүп, Башкы прокуратура текшергени кабарланган.

Саясатчы Азимбек Бекназаровду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 12-сентябрда суракка чакырып, камакка алганын уулу Руслан Бекназаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген. Анын айтымында, саясатчы Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Атайын кызмат Азимбек Бекназаровдун кармалышына байланыштуу комментарий бере элек.

Азимбек Бекназаров 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук соту быйыл 14-июнда аны актаган. Аны менен кошо камалган 20дан ашык саясатчы, активисттердин баары акталган. Аларга “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылган. Райондук соттун чечимине мамлекеттик айыптоо макул болбой, учурда бул иш Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

68 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, баш прокурор, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматын аркалаган. Ал учурдагы бийликке оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын бири. (КЕ)

XS
SM
MD
LG