Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:58

Милиция баласына зомбулук көрсөткөн жаран тууралуу маалымат берди


Сүрөт видеодон алынды. Жашы жете элек баланы эшикке чыгарып жаткан учуру.
Сүрөт видеодон алынды. Жашы жете элек баланы эшикке чыгарып жаткан учуру.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жашы жете элек баланы белгисиз жаран кагып-силкип, зомбулук көрсөтүп жатканы тартылган видеого байланыштуу маалымат берди. Милиция балага орой мамиле кылган адамдын тек-жайы аныкталганын, ал Алай районунун И.Т. аттуу тургуну, тасмадагы баланын атасы экенин билдирди. Маалыматка караганда, бул факт 12-сентябрда Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

"Алгачкы маалыматтар боюнча И.Т. мындай аракеттерге Орусияда миграцияда жүргөн жубайы менен пикир келишпестиктер пайда болгондон кийин, аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, жөнөткөн.

"Милиция кызматкерлери видео тасмадагы жаш баланы ошол замат коргоого алышып, дарыгерлерге көрсөтүшүп, денесинде эч кандай жарат байкалган эмес. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынары белгиленген.

Мунун алдында болжол менен 5-6 жаштагы балага орой мамиле кылып, урушуп жатканы тартылган видео социалдык тармактарга жарыяланган. Анда видео тартып жаткан адам баланы кагып-силкип, "эшикке жатасың" деп караңгыда сыртка чыгарып жатканын көрүүгө болот.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылып, өлүм менен аяктаган окуялары катталган.

Мигранттардын балдарынын кейиштүү тагдыры, алар туш болгон зордук-зомбулук окуяларынан улам кыргыз өкмөтү "Мигранттын баласы" деген аталышта атайын программа иштеп чыккан.

Балдарын атайын камкорчуга табыштабай, тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлабай кеткен эмгек мигранттарынын жоопкерчилигин күчөтүү, балдарын кароосуз калтыргандарга айып салуу сунушталууда. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мигранттардын балдарына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу коомдун талкуусуна чыгарылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG