Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:03

Вьетнамда "Яги" тайфунунан каза тапкандар 197 кишиге жетти


Вьетнамдын түнжүгүндөгү Йенбай шаары, 10-сентябрь, 2024
Вьетнамдын түнжүгүндөгү Йенбай шаары, 10-сентябрь, 2024

Вьетнамдын түндүгүндө "Яги" супер тайфунунан каза тапкандар бери дегенде 197 кишиге жетти, 800дөйү жараат алды. Жүздөгөн адамдын дайыны чыкпай жатат. Бул тууралуу Associated Press жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме кылып жазды.

Каза болгондордун көбү катуу шамалдан жана нөшөр жаандан улам суу ташкындап, жер көчкөндө өлгөндөр. Ылайланып аккан суу ташкыны көпүрөлөрдү бузуп, унааларды, адамдарды агызып, айылдарды каптады. 50 миңдей киши эвакуация болуп, өлкөнүн дээрлик жарымында мектептер жабылды. Тайфундан зыян тарткан райондордо ичүүчү суу жана тамак-аш жетишпей жатат. Келтирилген зыян буга чейин ондогон миллион долларга бааланган.

Баш калаа Ханойдо акыркы 20 жылдагы эң катуу суу ташкыны болуп жатат. Тургундар тизеге чейин жеткен суу менен же кайык менен шаарды кыдырып, таштандылар сууда агып жүрөт.

Дем алыштарда башкалаа Ханойдо шамалдын ылдамдыгы саатына 203 километрге жеткен. Тайфун чатырларды, жарнама такталарын учуруп, дарактар кулаткан. Бул Вьетнамдагы соңку 30 жылда катталган эң күчтүү тайфун болуп калды. Ишемби күнү анын ылдамдыгы жээктерде саатына 149 километрге жеткен. Шамал бир аз басаңдаганы менен бир нече райондо нөшөр токтой элек.

"Яги" Филиппинди, Кытайдын түштүк жээгин, Лаосту жана Мьянманы басып өтүп, ал жерде да курмандыктарга жана кыйроолорго алып келди.

Климатологдор "Яги" сыяктуу бороондор климаттын өзгөрүүсүнөн улам катуулап жатканын белгилеп жатышат.

2024-жылдын жай тарыхтагы эң ысык мезгил болду. Быйыл жыл бою ушундай болуп, температура боюнча былтыркы рекорддорду жаңыртат деп күтүлүүдө.

Климаттын өзгөрүшүн басаңдатуу үчүн дүйнө жүзү боюнча илимпоздор, активисттер жана айрым саясатчылар парник газынын пайда болуусуна алып келчү мунайды, газ жана көмүрдү колдонууну кыскартууну талап кылышууда. Парник газдары глобалдык жылуулуктун негизги факторлорунун бири болуп саналат.

XS
SM
MD
LG