Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:01

УКМК ЖК депутаты Молдобекованын кеңешчиси тууралуу маалымат берди


УКМК тараткан сүрөт. 13-сентябрь, 2024
УКМК тараткан сүрөт. 13-сентябрь, 2024

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты, "Альянс" фракциясынын мүчөсү Гүлкан Молдобекованын Р.А.Р. аттуу кеңешчиси алдамчылыкка жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалганын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, шектүү 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношкон. Мындан сырткары анын эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү алып жүргөндүгү аныкталган. УКМК учурда өлкө бюджетине келтирилген жалпы зыян такталып жатканын белгиледи.

"Мындан тышкары кармалган жаран ортомчулук кызматын көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып, алдамчылык жолу менен жарандардын ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган", - деп жазылган маалыматта.

Жогорудагы кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Р.А.Р. жасады делген мыйзамсыз иштердин бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Молдобекованын иш бөлмөсү тинтилип жатканы тууралуу видео жарыяланып, муну окуянын күбөлөрү "Азаттыкка" ырасташкан. Айрым маалымат каражаттары Кыргызстандын күч органдары депутат Молдобекованын эки жардамчысын кармап кеткенин жазышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова 12-сентябрда парламенттеги иш бөлмөсү тинтүүгө алынды деген маалыматка байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берген. Ал өзү Өзбекстанда иш сапарда экенин белгилеп, тинтүү кеңешчисине байланыштуу жүргүзүлгөнүн айткан. Депутат анын кеңешчиси документ жасоого байланыштуу кармалган болушу мүмкүн экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG