Президент Садыр Жапаров Вьетнамдын президенти То Ламга көңүл айтуу жолдоду

"Яги" тайфунунун кесепети. Вьетнам, 8-сентябрь 2024-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Вьетнамдын президенти То Ламга “Яги” тайфунунун кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгонуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Мамлекет башчы “Яги” тайфун апаатынан Вьетнамда көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирип, жалпы Кыргызстан элинин жана өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айткан.

Садыр Жапаров Вьетнам элинин аза кайгысын тең бөлүшкөн телеграммасында ошондой эле каргашалуу окуянын кесепетинен жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалаган.

Вьетнамдын түндүгүндө "Яги" супер тайфунунан эки жүзгө чукул адам каза тапканы кабарланган. (ZKo)

Дагы караңыз

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол курулушуна бюджеттен 11 млрд сом каралуудаОрусиянын Курскидеги контрчабуулуСаясатчы Азимбек Бекназаровду УКМК кармаганын анын уулу билдирдиКурск: Орус армиясы бир нече айылды кайра алганы кабарланды Казакстанда АЭС боюнча сурамжылоо жүргүзгөндөр жазага тартылды