Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:55

Казакстанда АЭС боюнча сурамжылоо жүргүзгөндөр жазага тартылды


Абзал Достияров. 2024-жылдын 9-сентябры.
Абзал Достияров. 2024-жылдын 9-сентябры.

Казакстанда атомдук электр станциясын (АЭС) куруу маселеси боюнча референдум уюштуруу маалында коомдук пикирди сурамжылоо эрежесинин бузулушуна байланыштуу сегиз факт катталганын бүгүн, 12-сентябрда өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди. Алардын алтоо боюнча, мекеменин маалыматына караганда, айыппул салынды.

Башкы прокуратура бул сурамжылоолор мыйзамсыз болгонун, алтоону жеке адамдар, калган экөөнү юридикалык жактар уюштурганын, баары тең Борбордук шайлоо комиссиясы менен алдын ала макулдашылбаганын, төрт киши жана эки уюм жоопко тартылып, айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин белгиледи.

10-сентябрда жарандык активист Абзал Достияров Алматынын административдик сотунун чечими менен айыпка жыгылып, 55 миң теңге төлөөгө милдеттендирилген. Өзү айыптоону четке кагып, сурамжылоо жүргүзбөгөнүн айткан.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, сурамжылоо жүргүзүүнү каалагандар бир нече талапка жооп бериши зарыл.

Быйыл 6-октябрда Казакстанда "Сиз Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо боюнча жалпы элдик референдум өтөт. 3-сентябрда башталган үгүт өнөктүгү 4-октябрда жыйынтыкталат. Референдумду уюштуруп, өткөрүүгө казынадан 15,5 миллиард теңге бөлүнөт.

АЭС маселесине арналган, бийлик уюштурган жыйындар Казакстандын 20 чакты шаарында өттү. АЭСке каршы пикирин билдирген, бийликтин мындай сунушун "путиндик жарнама" деп атаган активист кысымга кабылганы кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG