Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:45

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол курулушуна бюджеттен 11 млрд сом каралууда


Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.

Кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушунун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.

Документке ылайык, Кыргызстандын республикалык бюджетинен 2025-жылы 2,4 млрд сом, 2026-жылы 4,3 млрд сом, 2027-жылы 4,4 млрд сом темир жолдун курулушуна бөлүнөт.

Быйыл июль айында Кыргызстанда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” ишканасы деп аталган компания катталганы кабарланган. Компаниянын негиздөөчүлөрү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын "Узбекистон темир йуллари" акционердик коому экени айтылган. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания болору кабарланган.

2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон. Курулуш быйыл октябрда башталмак.

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG