Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

Саясатчы Азимбек Бекназаровду УКМК кармаганын анын уулу билдирди


Азимбек Бекназаров Бишкек шаар сотунда. Август, 2024-жыл.
Азимбек Бекназаров Бишкек шаар сотунда. Август, 2024-жыл.

Саясатчы Азимбек Бекназаровду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 12-сентябрда суракка чакырып, камакка алганын уулу Руслан Бекназаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал Азимбек Бекназаров коопсуздук кызматына Убактылуу өкмөттүн ишине байланыштуу деген негиз менен суракка чакырылганын "Азаттыкка" ырастады.

"УКМКга суракка саат кечки 17.00дө кирген. Бир сааттай кармап, анан чыгып "адвокат тапкыла, камалат" деп айтышты. Эмне себептен камалганы тууралуу маалымат берген жок. Атамдын анча-мынча буюм-тайымдарын алып чыгып беришип, жылуу кийимдерин алып келип бергиле дешти", - деди Руслан Бекназаров.

Улуттук коопсуздук комитети "Азимбек Бекназаров кармалды" деген уулунун маалыматы боюнча комментарий бере элек.

Азимбек Бекназаров 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук соту быйыл 14-июнда аны актаган. Аны менен кошо камалган 20дан ашык саясатчы, активисттердин баары акталган. Аларга “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылган. Райондук соттун чечимине мамлекеттик айыптоо макул болбой, учурда бул иш Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

68 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, баш прокурор, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматын аркалаган. Ал учурдагы бийликке оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын бири. (ZKo)

XS
SM
MD
LG