Эл аралык валюта кору Кыргызстан менен кызматташтык уланарын айтты

Акылбек Жапаров (солдо) жана Бо Ли (оңдо). Бишкек. 11-сентябрь, 2024-жыл

Эл аралык валюта кору өзү жүргүзгөн программалардын алкагында Кыргызстан менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу аталган фонддун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли 11-сентябрда Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушкан учурда билдирди.

Бо Ли Кыргызстан акыркы жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен аймактагы эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына киргенин айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар макроэкономикалык абалды, андан тышкары климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасынын өсүшү орто эсеп менен 7% түзгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин, ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу маалымат берип, бул стратегиялык долбоорлордун масштабын, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу жана экономикалык өсүшү үчүн маанисин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелер боюнча активдүү кызматташтыкты улантууну макулдашты.

Эл аралык валюта кору Кыргызстандын бюджетин жана ири долбоорлорду колдоого насыя берип келе жаткан донорлордун бири.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 362 млн доллар. Мунун ичинен 4 млрд 501,8 млн доллар тышкы карыз, анын негизги бөлүгү – Кытайдын Экспорт-импорт банкына берилүүчү 1 млрд 660,64 млн доллар.

Ал эми 1 млрд 860,14 млн доллары ички карыз болуп эсептелет. (ZKo)

Дагы караңыз

"Иш тажрыйбасы маанилүү эмес ". "Лалафодон" мугалим издеген мектептер ТИМ Тайландда зордуктоого айыпталган кыргызстандык тууралуу маалымат берди "Атомдук адаттар" бестселлери кыргыз тилинде жарык көрдүТатарстан муфтийи Украинадагы согушка катышкандар "бейишке чыгарын" айттыУКМК "Эркечтамда" иштегендерди сабаган 25 киши кармалганын билдирди. Алардын жакындары Ташиевге кайрылды "Чет элдик өкүл" мыйзамы: ЖИА баштаган үч уюм реестрге кирди