Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Татарстан муфтийи Украинадагы согушка катышкандар "бейишке чыгарын" айтты


Татарстандын муфтийи Камил Самигуллин
Татарстандын муфтийи Камил Самигуллин

Татарстандын муфтийи Камил Самигуллин белгилүү бир шарттарда Украинадагы согуштун катышуучулары шейит (Алланын жолунда каза болгондор) деп тааныларын жана бейишке чыгарын айтты.

Бизнес Online басылмасы анын: “Динзар аскер өз үйүн, үй-бүлөсүн, мекенин коргоп жатса, Алла аны шейит катары кабыл алат”, - деген сөздөрүн келтирет.

Муфтий орусиялык аскерлер “адилет согуш” жүргүзүп жатканын, муну менен Палестинага көмөктөшкөнүн, себеби Украинага жардам берүү үчүн АКШ Израилге азыраак акча жумшап калганын кошумчалады.

Самигуллин буга чейин да бир топ чуулгандуу билдирүү жасап келген. Ал хижаб кийүүгө тыюу салган мыйзамга каршы чыгып, Махачкала аэропортундагы антисемиттик тополоңдун катышуучуларын катуу жазалабоого чакырган.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинага каршы кеңири масштабдагы агрессияны "жихад", башкача айтканда, "ыйык согуш" деп атаган. Чеченстандын муфтийи Салах Межиев да Украинадагы согуш мусулмандар үчүн берекелүү экенин, каза болгондор “шейит” деп саналарын айткан.

Талдоочулар жана иликтөөчу журналисттер Орусия согушка улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн көп салганын жазып келишет.

БУУнун мониторинг миссиясынын 7-июндагы маалыматына караганда, согуш башталган 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинада бери дегенде 11 миң жайкын тургун каза тапты, 21 миң киши жарадар болду.

XS
SM
MD
LG