Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

"Атомдук адаттар" бестселлери кыргыз тилинде жарык көрдү


"Атомдук адаттар" бестселлери
"Атомдук адаттар" бестселлери

Жакшы адаттардын күчүн баяндаган "Атомдук адаттар" эл аралык бестселлери кыргыз тилинде жарык көрдү.

Дүйнөдө 60тан ашык тилге которулуп, 20 миллион нускада басылган китепти белгилүү басылмалар мыкты чыгармалардын катарына кошкон.

Америкалык автор Жеймс Клир бул эмгегинде психология, философия жана медицина илимдерине таянып, күн сайын 1% тынымсыз өсүп-өнүгүү үчүн практикалык стратегиясын сунуштайт. Олимпиада чемпиондору, таанымал өнөрпоздор жана бизнес лидерлер жакшы адаттар аркылуу ийгиликке кантип жеткенин мисалдар менен көрсөтөт.

Китеп кыргыз тилине ишкер Бакытбек Абдуллаевдин сунушу менен басып чыгарылды. Анын айтымында, "Атомдук адаттар" башка шыктандыруучу китептерден ынанымдуулугу менен кескин айырмаланат. Окурман чыгармадан жакшы адаттарды өздөштүрүп, жаман адаттардан арылуу ыкмаларын үйрөнсө болот.

Китептин автордук укугу “Китепстан” басма үйүнө таандык. Буга чейин "Атомдук адаттарды" пираттык жол менен чыгаргандар болгондуктан, басма үйү окурмандарга сатып аларда этият болууну эскертет.

“Китепстан” бул айда Хатиже Күбра Тонгардын "Бакырбаган балдар" аттуу китебин да басып чыгарды. Ата-энелерге арналган бул китепте чыргоо, мүнөзү оор балдарды кантип туура тарбиялоо тууралуу кеп-кеңештер камтылган.

Кыргызстанда соңку жылдары ийгиликтүү болууну, маңыздуу жашоону үйрөткөн шыктандыруучу китептер өтүмдүү болуп жатканы айтылып келет. (ST)

XS
SM
MD
LG