Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

"Иш тажрыйбасы маанилүү эмес ". "Лалафодон" мугалим издеген мектептер


Бишкектеги №25 мектептеги окуу жылынын башталышы. 1-сентябрь, 2023-жыл. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду, макалага тиешеси жок.
Бишкектеги №25 мектептеги окуу жылынын башталышы. 1-сентябрь, 2023-жыл. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду, макалага тиешеси жок.

Кыргызстандын мектептерине миңден ашык мугалим жетишсиз. Бишкекте кээ бир мектептер мугалимдерди "Лалафо" аркылуу издеп, иш тажрыйбасы маанилүү эмес дегени талкуу жаратты. Ал тапта тиешелүү министрлик быйыл Орусиядан 200 ыктыярчы келип, башкалаанын мугалим тартыш мектептеринде иштейт деп билдирди. 

"Лалафодогу" мугалим издеген жарнама: "Айлыгы алты миң сом"

Быйыл интернеттеги "Лалафо "жарнама платформасында "Алгебра, химия, кыргыз тили, тарых жана башка сабактардан берген мугалим издейбиз, 1-2 жылдык тажрыйбасы болсо болот" деген ондогон жарнамалар чыкты. Алардын басымдуусу жеке мектептер, арасында мамлекеттик билим берүү мекемелерине жумушка чакыргандар да бар.

Бишкектеги №70 окуу-тарбия комплексинин Лалафодогу жарнамасы.
Бишкектеги №70 окуу-тарбия комплексинин Лалафодогу жарнамасы.

Мисалга, Бишкектеги №70 окуу-тарбия комплекси 26-августтан бери тарых, дене тарбия, информатика, география сабактарынан берген мугалим издеп жатканы тууралуу жарнаманы жайгаштырган. Бул жарнама утур-утур жаңыртылып, азыр да "Лалафодо" турат.

"Азаттык" бул жарнаманын алдында көрсөтүлгөн телефон номурга чалып, жарнама боюнча кайрылып жатканын айтты жана кайсы сабактан мугалим керек деп сурады. Мектептин кызматкери катары өзүн тааныштырган аял тарыхтан берген мугалим жумушка алынганын, азыр Адам жана коом, физика сабактарынан окутуучу жок болуп, балдар сабак албай жатканын айтып берди:

"Сиз эгер "Адам жана коом" сабагын өтө алам десеңиз бизге келип иштесеңиз болот. Ал эми тарых боюнча 10 саат алсаңыз болот, ошондо сиз жумасына кем дегенде эки жолу келип, сабак өтүп турасыз. Бул ишти башка да мектептеги жумушуңуз менен айкалыштырып алсаңыз болот. Айлыгы сиздин билим, тажрыйбаңызга жараша, тарыхтан берем десеңиз орточо алты миң сом аласыз. Азыр физика мугалимибиз жок, сабактар өтүлбөй турат", - деген жооп уктук.

Бул - Бишкектеги бир эле мамлекеттик мектептеги абал. Башкалаада өмөттүн карамагында жалпы 59 билим берүү мекемеси бар. Азыр алардын көчүлүгүндө так илимдерди окуткан мугалим тартыш.

"Орусиядан мугалимдер келет"

Министрдин орун басары Касымалиев азыр Бишкектин мектептеринде, негизинен орус тилдүү мектептерде 496 мугалимдин орду бош турганын 11-сентябрда "Азаттыкка" билдирди.

Ал мындай тартыштыкты мугалимдердин пенияга чыкканы түшүндүрүп, айыл жергесинде абал тескерисинче экенин, бир орунга 3-4 адис туура келерин айтты. Ал кошумчалагандай, маселени чечүү үчүн 300 педагог Орусиянын Башкырстан республикасынан эки жылдык кайра даярдоо курсунан өтүп жатат:

"Орус тилдүү мектептерде мугалимдер жетишсиз. Өзгөчө так илимдер боюнча: физика, математика, биология предметтеринен адис жок. Мындай көрүнүш Бишкек менен Ош шаарларында гана курч турат. Ал эми айылдарда "мен мугалим болуп иштейм" деген адистер кезекке туруп жатат. Жалпысынан, азыр биз орус тилдүү мугалимдерди даярдап чыгуу максатында Башкырстандын Улуттук университети менен келишим түздүк. Анда биздин адистер эки жылдык даярдоо курсун окуп, диплом алат. Быйыл бизге ошондой эле 200 ыктыярчы Орусиядан келип, көмөк көрсөтмөй болду. Алар мугалим жетишпеген мектептерге барып иштейт. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар дагы орус тилдүу мугалимдерди даярдоо үчүн студенттерди кабыл алды, бул кийинки жылдары мындай маселелерди чечип алууга көмөкчү болот. Акырындык менен чечебиз деп турабыз. Азыр Башкырстанда 300 адисибиз окуп атат, эки жылда дасыккан мугалим болуп келет. Ошо менен бош орундар толукталат",-деди министрдин орун басары.

Касымалиев Орусиядан ыктыярчы мугалимдер качан жана канча убакытка келерин, аларды ким каржылай турганын жана кайсы адистикке ээ экенин тактаган жок. Алар Бишкектин мектептеринде иштей турган ыктыярчылар деген маалымат берди.

Министрликтин мындай планы маселени толук чечпей турганын билим берүү жаатындагы эксперт Бакыт Абдуллаев айтты:

"Ыктыярчыларды алып келип, жетпей жаткан мугалимдердин ордун толтурабыз деген бул бүгүн жана эртеңкиге гана каралган чечим. Алар 1-2 жылга гана келет, ашып кетсе, андан аркысы эмне болот? Улам мугалим алмаша бергенде да кандай болот?",- деп суроо салды адис.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов министрликтин демилгесин колдоп, бирок четтен келген мугалимдерди так илимдерге же тилдерге аралаштыруу туура экенин, бирок тарых сыяктуу сабактарга жолотпоо керектигин билдирди.

2023-жылы Орусиянын Агартуу министрлиги Кыргызстандагы мектептерге 150 мугалим жөнөткөн.

2022-жылы сентябрда 17 мугалим "Орусиялык мугалимдер чет өлкөлөрдө" долбоорунун алкагында Кыргызстандагы мектептерде иштеген.

Бирок алар кайсы сабактарды окутууга тартылганы, канча убакыт иштегени тууралуу маалымат берилген эмес.

Мамлекеттик мектептин базасындагы кызматтар

Быйыл августта Бишкектеги №26 мектептен 20 мугалим жумуштан кетип калганы белгилүү болуп, талкууларга жем таштаган. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева "Азаттыкка" 30-августта берген маегинде Бишкектеги айрым мектептерде мугалимдердин жумуштан кетип жатышын андагы "гимназия" макамынын алынышы менен байланыштырган.

"Бир чети гимназия статусу туура жоюлган. Маселен 380ге жакын жаңы типтеги гимназиялык, лицейлик макамдагы мектептер бар. Статусун алуу менен билим деңгээли өзгөрбөйт. Биз биринчи жолу мугалимдерди предметтик компетенциясын баалоону ишке ашырабыз. Айрыкча так илимдер боюнча. Анын натыйжасында баланын билими өскөн сайын мугалимдин айлыгы жогорулай баштайт. Ошол эле учурда кошумча акы төлөп кызмат кылуу принциби мектептерге кирген. Азыр мугалимдер жеке мектептерден кайра мамлекеттик мектепке кайтып келип жатышат. Биз андан коркпошубуз керек. Биз бардыгы мектептин базасында болсун деген шартты түзүп атабыз".

Адистердин тартыштыгы маселесин чечүү жолдору тууралуу айтып жатып, министр Кендирбаева 2023-жылдын декабрындагы басма сөз жыйынында жумуш порталын түзүү пландалып жатканын белгилеген. Ага ылайык, 4-5-курстун студенттерин жумушка тартып, алар төлөм системасы толук эмес мектептерде иштей турганы айтылган. Бирок бул пландар эмне болгону тууралуу маалымат бериле элек.

Адистердин тартыштыгы маселесин чечүү жолдору тууралуу айтып жатып, министр Кендирбаева 2023-жылдын декабрындагы басма сөз жыйынында жумуш порталын түзүү пландалып жатканын белгилеген. Ага ылайык, 4-5-курстун студенттерин жумушка тартып, алар төлөм системасы толук эмес мектептерде иштей турганы айтылган. Бирок бул пландар эмне болгону тууралуу маалымат бериле элек.

Министрдин орун басары Муратбек Касымалиев айыл жергесинде бир орунга 3-4 мугалим бар экенин айтканы менен элетте так илимдер боюнча адис тартыш экенин адистер белгилейт.

Физика, химия предметтеринен берген мугалимдердин көбү пенсия курагындагы адистер экени айтылып келет. Кээ бир мектептерде пенсиядагы педагогдор да жок болгондуктан бул сабактар такыр эле өтүлбөйт.

Шаардын мектептериндеги мугалим

Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров жылдан-жылга оорлоп бараткан бул маселени бир нече себеп менен түшүндүрсө болорун белгилейт. Маселен, 2022-жылы мугалимдердин айлыгы 80% көтөрүлгөндөн кийин, айыл жергесинде мектепте иштегиси келген адистердин саны көбөйүп, кадр таңкыстыгы жоюлган.

Кеңешбек Сайназаров
Кеңешбек Сайназаров

"Айылдык мугалимге берген айлык шаардык мугалимдерге туура келбейт, бул биринчиси. Экинчиси - сапат, эгер тың, билими күчтүү мугалим болсо аны жеке мектептер тартып кетип жатат. Ошондой эле так илимдер боюнча берилген сааттар аз болгондуктан, мындай мугалимди мектепте кармап туруу кыйынга турууда. Жыл сайын министрлик бюджеттик орундардын эң көбүн "педагогика" адистигине берип жатат. Көбү ушул тармакка тапшырып атканын да көрүп атабыз. Бирок, мында ошол адистик боюнча окуу жайын бүткөндөрдүн канча пайызы мектепке келип иштеп атат деген суроо жаралат. Жаш адис педагог катары иштеп баштаганы менен анын толгон-токой муктаждыктары бар. Ошол эле үй, айлык дегендей. Аны жоймоюнча алар педагог болуп иштей албай жатат, алар айлыгы көп, перспективасы артык, жүгү жеңил жумуштарга кетип жатат. Ошондуктан шыктандыруучу механизмдерди иштеп чыгуу зарыл болуп турат. Жаш мугалим дасыккан адистин деңгээлине жетиш үчүн "устат-шакирт" механизмин киргизип, жаш адисти жумушка тартып, аны коштогону үчүн сый акы жана башка колдоо системасы керек. Мугалимдин айлыгын чегерүүдө теңдемеликтен кайталы. Эгерде жаш болсо да сапаттуу иштеп, чеке жылытарлык иштей турган болсо, аны эмнеге колдосок болбосун? Дагы бир жол - мугалимдин чеберчилигин жогорулатуу. Жаңы гана бул тармакка келген педагог 3-5 жылда чейин өзүн көргөзө алат, демек аны ушул убакыттын ортосунда болушунча колдоо керек", - деди Кеңешбек Сайназаров.

Ал жогорку окуу жайларда бир гана химия же физика предметтеринен адис даярдалбастан, так илимдерди да окутуу зарылдыгы бар экенин белгилеп жатат.

2024-жылдын апрелинде Ишенаалы Арабаев атындагы университет мамлекеттик стандарттарга ылайыктап бир нече эксперименталдык билим берүү программаларын ишке киргизген. Алардын бири - жети педагогикалык багыт боюнча кош адистик.


Мындай мугалимдер, мисалы, бир эле учурда математика жана физикадан, химия жана биологиядан, география жана биологиядан сабак өтө алат. Ал эми филологдор англис жана кыргыз тили, кыргыз тилчилер орус тилинен да сабак өтө алат.

Кош адистештирүүнүн артыкчылыгы - эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу болуп саналат.

"Мугалимдин аброюн көтөрүп, эркиндик бериш керек"

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 36 миң сомду түзгөн. Ал эми мугалимдин орточо айлыгы, бир ставкада болсо 17 миң сомдун тегерегинде.

Жогорку Кеңешин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев агартуу тармагындагы айлык маселесин чечүү зарыл экенин айтты:

Абдывахап Нурбаев
Абдывахап Нурбаев

"Жаңы мектепти бүтүп, курулушта иштеп аткан бала орточо 50 миң сом айлык алат, 20-30 жылдык тажрыйбасы бар мугалим 20 миң сомго жетпеген акчага иштейт. Экинчиден, мугалимдерди ар кандай иштерге салып, иш кагаздары менен кыйнаган туура эмес. "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзамда "мугалимдерге академиялык эркиндик" берилген. Бирок министрлик аны аткарбайт. Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү педагогдорду коркутуп-үркүтүп, акча чогултмайга салып, башка да маселелер менен башын оорутат. Мугалимге өзүнчө, эркин иштегенге мүмкүнчүлүк бербей, шарт түзө албай жатабыз. Ал эми жеке менчик мектептерде мугалим чыгармачылык менен иштеп, өз дараметин толук колдоно алат, айлыгы да жакшы. Текшермей, мугалимдерди аккредитациялоо деп улам бир жаңы эрежелерди ойлоп табуу болууда. Бирок чынына келгенде ал жерде акча чогултмай гана бар, башка кеп жок. Бишкек мэриясы мугалимдерден дагы бир күчүн чыгарып, окуучулар сабакка саат 07:30да келсин деп өкмөттүн токтомуна каршы токтом чыгарды. Мугалимдердин жүгүн жеңилдетели, нормада көрсөтүлгөн бир класста 36 бала деген эч жерде сакталбайт. Мугалим эмне деген эмгекти аткарып атат, ага артылган милдет 3-4 эсе болуп атат. Буга кошумча ата-энелер, алардын ар бири баласы менен иштеши керек, үйдө окутуп, көзөмөлдөп турган эне же ата аз. Дароо жоопкерчиликти мугалимге ыргыта салуу адатка айланды".


"Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзамда ваучердик система каралган. Ага ылайык жеке менчик мектептер менен мамлекеттик мектептердин биргелешип иштөөсү каралган. Быйылкы жылдын сентябрынан тарта эки шаарда бул система эксперимент катары ишке ашышы керек.

Министрликтин маалыматы боюнча, кадрлардын жетишсиздиги эң көп Бишкек шаарында курч - 496 мугалимдин орду бош. Ал эми Чүйдө 292, Баткенде 137, Жалал-Абадда 110 жана Ысык-Көлдө 115, Нарында 17, Таласта 71 жана Ош облусунда 58, ал эми Ош шаарында 42 мугалим жетишпейт. Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт. 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт. 82 миң мугалимдин үчтөн экиси элет жеринде эмгектенет.

Кендирбаева: Китеп кризиси үч жылда чечилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:46:35 0:00

XS
SM
MD
LG