Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

УКМК "Эркечтамда" иштегендерди сабаган 25 киши кармалганын билдирди. Алардын жакындары Ташиевге кайрылды


УКМК тараткан сүрөт. 11-сентябрь, 2024-жыл
УКМК тараткан сүрөт. 11-сентябрь, 2024-жыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө бекетинде "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабаган 25 адам кармалганын 11-сентябрда билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, окуя 10-сентябрга караган түнү болгон. Кызматкерлерди сабады делгендер бажы тейлөөсүн көрсөтүүдө ортомчулук кылгандар экени, уруш таасир талаштан келип чыкканы маалыматта белгиленген.

"Бажы чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Алай районунун аймагында ортомчулук кылган адамдар тобу иштеп жатканы аныкталган. Жогоруда аталган жарандар "Эркечтам" бажы ишканасын монополия кылып, Кытайдан Кыргызстанга импорттолуучу бардык товарларды көзөмөлгө алышып, аларды Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан “Каратай” бажы тариздөөчү жерине чейин коштоп барып турган. Мындай аракет мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 25 адам кармалып, кызматкерлерге кол салгандарды жана уюштуруучуларды аныктоо үчүн УКМКга жеткирилгени кошумчаланган.

Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы тейлөө сапатын жогорулатуу максатында 2021-жылы түзүлгөн.

Атайын кызмат бул демилге бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылгандардын нааразылыгын жаратып, ар кандай чагымчыл жаңжалдар уюштурулуп келгенин белгилеген.

Мунун алдында Кытайдын чек арасына жакын жайгашкан Нура айылынын тургундары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошкон. Алар "Эркечтам" бекетинде иштеген балдары сабалганын, аларды УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүмүнүн балдары салып кеткенин айтышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG