Бишкекте жүк ташуучу машинеге урунган скутердин айдоочусу каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

10-сентябрь күнү саат 11:45 чамасында Howo жүк ташуучу автоунаасы Жайыл Баатыр көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө карай оңго бурулган кезде оң жактагы скутер барып урунган.

Жыйынтыгында скутердин айдоочусу - 17 жаштагы улан ошол жерде каза болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

3-сентябрда Бишкекте скутер айдап бараткан адам эки адамды сүзүп, бири каза тапкан. Экинчи адам жаракат алып, бейтапканага жаткырылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан өзгөчө оор зыян келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козголуп, скутердин айдоочусу камакка алынган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык түйүндөрдө айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн скутер, мопед, мотоцикл, электр чыгырыгы сыяктуу каражаттарды айдагандар жол эрежелерин сактабай жатканы тууралуу сын айтылып келет.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) буга байланыштуу буга чейин бир нече жолу рейд өткөргөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин депутаттары келдиКийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөтМушкер Ахмади Арваз уландар арасында Азия чемпиону болдуМосква облусуна жасалган жапырт дрон чабуулунан адам өмүрү кыйылганы кабарландыЖарым жылда жол кырсыгынан 280 адам каза болду