Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин депутаттары келди


ЖККУга кирген өлкөлөрдүн желектери.
ЖККУга кирген өлкөлөрдүн желектери.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттер Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан парламенттеринин өкүлдөрү уюмдун Парламенттик Ассамблеясынын (ПА) төрагаларынын координациялык кеңешмесине катышуу үчүн Бишкек шаарына келишти.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. 10-сентябрда алар Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" гүл коюшту.

10-сентябрда Жогорку Кеңеште ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин (комиссияларынын) төрагаларынын координациялык кеңешмесинин жыйыны болот.

11-сентябрда координациялык кеңешменин мүчөлөрү Балыкчы шаарында өтүп жаткан ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү - 2024" биргелешкен командалык штабдык машыгуусуна байкоочу катары катышат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) атайын машыгуулары 7-сентябрда Кыргызстандын Балыкчы шаарындагы 20636 аскер бөлүгүндө башталды.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. Быйыл жайында Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгарын, сентябрда ЖККУнун бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтотконун жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG