Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Жарым жылда жол кырсыгынан 280 адам каза болду


Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 51-чакырымында болгон кырсык
Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 51-чакырымында болгон кырсык

Кыргызстанда жарым жылда 3060тай жол кырсыгы катталып, андан 280 адам каза болду. Бул тууралуу 10-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында айтылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында, быйыл жол кырсыктары былтыркы жылдын алты айына салыштырганда 8% аз катталган. Ал эми каза болгондордун саны 6,7 пайызга азайган. Кырсыктан жалпысынан 4,5 миңге жакын адам ар түрдүү жараат алган.

Жарым жылда жол эрежелерин бузгандардан 278 млн 285 миң сомдон ашуун каражат өндүрүлгөн.

10-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгүнүн 2023-2024-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча маалыматын укту.

Депутаттар жер-жерлерде адам өмүрүн алган оор кырсыктар катталып жатканын, борбор калаада тыгын маселеси чечилбей жатканын белгилешти.

Сентябрдын башында Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 51-чакырымында Токмокко жакын жерде болгон автокырсыктан 10 киши каза тапкан. Кырсыктан жаракат алган дагы беш адам Токмок шаарындагы ооруканада, бирөө Бишкек шаарында жана дагы бир киши Кантта ооруканага жаткырылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG