Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Мушкер Ахмади Арваз уландар арасында Азия чемпиону болду


Бокс боюнча уландар арасындагы Азия чемпиону Ахмади Арваз. 9-сентябрь, 2024-ж.
Бокс боюнча уландар арасындагы Азия чемпиону Ахмади Арваз. 9-сентябрь, 2024-ж.

Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айн шаарында 9-сентябрда жыйынтыкталган бокс боюнча 16 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында кыргызстандык уландар бир алтын, бир күмүш жана эки коло байгеге ээ болду.

66 килограммга чейинки салмакта Ахмади Арваз алтын медал тагынды. Азиянын бокс конфедерациясынын Фейсбуктагы баракчасындагы маалыматкаа таянсак, Ахмади Арваз 9-сентябрда финалда өзбекстандык Жасурбек Усмонжоновду жеңди.

66 кг. Финал. Ахмади Арваз (Кыргызстан) - Жасурбек Усмонжонов (Өзбекстан)

Финалга чейин Ахмади чейрек финалда казакстандык Бибарыс Ашырбайды, жарым финалда ирандык Амирмохаммад Ростампурду уткан.

Күмүш байгеге 57 килограмм салмакта Кутманбий Муратов ээ болду. Ал финалда өзбекстандык Жахонгир Зайнидиновго утулду. Ага чейин алгачкы беттешинде казакстандык Данияр Акбиссеновду, чейрек финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Куан-Мин Лайды, жарым финалда тажикстандык Абубакр Азизовду жеңген.

57 кг. Финал. Жахонгир Зайнидинов (Өзбекстан) - Кутманбий Муратов (Кыргызстан)

Бул жаш куракта 48 килограммга чейинки салмакта Умар Орусбаев менен 54 килограммга чейинки салмакта Абдулхак Садиков коло байгеге ээ болушту.

Бокс боюнча мектеп окуучулары (U-14) жана уландар арасындагы (U-16) Азия чемпионаты 27-авустта башталган. Бул чемпионатка алгачкы жолу украиналык мушкерлер да катышты. Украинанын бокс федерациясы быйылтан баштап Европанын бокс конфедерациясынан чыкпастан, Азиянын бокс конфедерациясы өткөргөн мелдештерге да катышууга уруксат алган. Эми Украинанын бокс боюнча бардык жаш курактагы курама командалары эми Европанын гана эмес, бардык курактагы Азия чемпионаттарына да катыша алат.

Бир күн мурда бокс боюнча 14 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын байге ээлери аныкталып, кыргызстандык өспүрүмдөр бир алтын, эки күмүш жана жети коло байгеге ээ болушкан. 67 килограмм салмакта Камил Шар алтын медал тагынса, күмүш байгелерди 70 килограммдан жогорку салмакта Назарбай Кендирбаев жана 52 килограммга чейинки салмакта Ризван Исаев алышты.

Коло байгелерге Ташкул Амангелдиев (- 35 кг), Жасурбек Икромидинов (- 37 кг), Ариет Санжарбеков (- 40 кг), Муслим Паншер (- 43 кг), Нурсултан Жумалиев (- 46 кг), Темирлан Абыталиев (- 55 кг) жана Улукбек Абдуманбетов (- 64 кг) ээ болушту. (ECh)

XS
SM
MD
LG