Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт


V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын курамасы негиздөөчү катары биринчи чыкты. 8-сентябрь, 2024-жыл.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын курамасы негиздөөчү катары биринчи чыкты. 8-сентябрь, 2024-жыл.

Кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди.

"Кыргызстандан чыккан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өз мекенине барып, 2026-жылы Кыргызстанда өтмөй болду", - деди министр.

Максүтов учурда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар жакшы ийгиликтерге жетишип жатканын белгиледи.

Буга чейин 2026-жылы кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Өзбекстанда өтөрү айтылып жаткан. Бул чечим эмне себептен өзгөргөнүн министр белгилеген жок.

Казакстандын борбору Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда расмий ачылды.

13-сентябрга чейин өтө турган мелдештерге 80ден ашуун өлкөдөн 3 миңден көбүрөөк спортчу катышары кабарланган.

Кыргызстандан 253 спортчу кетти. Алар спорттун 21 түрүнөн күч сынашат.

Мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комплект медал ойнотулат.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жыл катары менен Ысык-Көлдө уюштурулган. 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн. (КE)

XS
SM
MD
LG