Аба ырайы: Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт

Иллюстрациялык сүрөт.

11-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 23…25 градус жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 19…21 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 9-сентябрда күндүз 20,0°, 10-сентябрда эртең менен 18,7° түздү.

Дагы караңыз

Мушкер Камил Шар өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону болдуАт-Башыда 161 гектарга жакын жер мамлекетке кайтарылдыЖАК Кылычов Тез жардам менен ооруканага жеткирилгенин билдирдиУКМК документ жасалмалоого шектүүлөр кармалганын билдирдиПариж Паралимпиадасына катышкан спортчулар сыйланды