Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

УКМК документ жасалмалоого шектүүлөр кармалганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жарандардын жеке маалыматтарын колдонуу жана документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун, шектүү катары эки киши кармалганын 10-сентябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, Б.Т.Д. аттуу жаран автоунааларды бажылык тазалоону жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк жактарга Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун көрсөтүп, кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттогону аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган шектүүлөр эки айга камалды.

Атайын кызмат Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын ушундай эле мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экенин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканын кабарлады.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, 2023-жылы кыргыз жергесине чет өлкөлөрдөн 185 миңдей жеңил автоунаа келсе, анын 80 миңи Кытайдан ташылган. Былтыр сыртка кайра 9 миңдей автоунаа экспорттолгону, анын 6 миңден ашыгы Орусияга кеткени расмий маалымдалат. Бейрасмий сан мындан да көп. (КЕ)

XS
SM
MD
LG