Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Париж Паралимпиадасына катышкан спортчулар сыйланды


Кыргызстандын паралимпиада курамасы. 10-сентябрь, 2024-жыл.
Кыргызстандын паралимпиада курамасы. 10-сентябрь, 2024-жыл.

Париж Паралимпиадасына катышкан кыргыз спортчулары 10-сентябарда Бишкекке келди. Спортчуларды тосуп алуу салтанаты "Манас" аба майданында өтүп, ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, журналисттер жана спортчулардын жакындары катышты.

Салтанатта төрт спортчуга 500 миң сомдон, алардын машыктыруучуларына, коштоочуларына жана дарыгерлерге 400, 100 миң сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Париждеги Паралимпиада оюндары 28-августа башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталды. Кыргызстандан бул оюндарга алгачкы жолу төрт спортчу катышты.

1-сентябрда кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетикадан 1500 метр аралыкка чуркап, 13-орунду ээледи. Ал 1500 метрге чуркоодо T11 категорияда жарышка чыгып, коштоочусу Юлия Фернас менен 1500 метр аралыкты 6 мүнөт 11.36 секундда чуркап өттү. Жүзбаева бул көрсөткүч менен көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекордду жаратты.

Айтунук Жоомарт кызы 2-сентябрда аялдар арасында триатлондон жарышка чыгып, 11-орунду ээледи. Жоомарт кызы паратриатлондон көзү азиз спортчулар арасында PTVI категориясында мелдешке чыкты. Бул категорияда 11 спортчу катталган.

Паратриатлондо спортчулар 750 метрге сууда сүзүп, 20 чакырым велосипед менен дагы 5 чакырым жөө чуркашат. Айтунук Жоомарт кызы коштоочусу Ангелина Блиндул менен жалпы көрсөткүчтө 1 саат 25 мүнөт 36 секундада марага келген.

Маматибраим Суранов 6-сентябрда парадзюдодон 73 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыгып, алгачкы атаандашы өзбек балбаны Шахрух Мамедовго 10:1 эсебинде утулду. Ал жалпы эсепти 9-орунду ээледи.

Миргүл Болоталиева парапауэрлифтингден 86 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыгып, 10 спортчунун ичинен сегизинчи орунду ээледи. Ал жалпы эсепте 96 килограммды көтөрдү.

Париждеги Паралимпиаданы медалдардын жалпы саны боюнча Кытай жеңди. Алар 220 медаль, анын ичинде 94 алтын алды. Экинчи орунда Британия жана АКШ жайгашты. (GT)

XS
SM
MD
LG