Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Ат-Башыда 161 гектарга жакын жер мамлекетке кайтарылды


УКМК тараткан сүрөт. 10-сентябрь, 2024
УКМК тараткан сүрөт. 10-сентябрь, 2024

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) 10-сентбярдагы маалыматында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда болжолдуу баасы 1 млрд 24 млн сомду түзгөн 161 гектардай жер мамлекетке кайтарылды. Жер Ат-Башы токой фондусунун аймагында жер тилкесин өз алдынча басып алуу жана имараттарды, башка курулуштарды мыйзамсыз куруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгында кайтарылган.

Имараттарды жана курулуштарды курууда жер кыртышынын асыл катмарына зыян келтиргендиги үчүн участканын ээси 1 млн 175 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн.

Буга чейин Атайын кызмат Нарын облусунун Ат-Башы районундагы токой чарбасынын "Чар" участогунан 2007-жылы 160,9 га жерди мыйзамсыз алган облустук администрациянын башчысынын мурдагы орун басары, Нарын облусунун губернатору А.И. кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Анын жанындагы 0,9120 га өлчөмүндөгү жер тилкесин да уруксатсыз ээлеп алуу фактылары аныкталып, анда туризм чөйрөсүндө коммерциялык максатта пайдаланылуучу имараттар жана курулмалар (мейманкана, кафе-бар, ашкана, сауна ж.б.) эч кандай уруксат берүүчү документтери жок курулганы такталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG