Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

ЖАК Кылычов Тез жардам менен ооруканага жеткирилгенин билдирди


Алга Кылычов.
Алга Кылычов.

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолуп, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Алга Кылычов 9-сентябрда Тез жардам менен ооруканага жеткирилгенин "Азаттыкка" ырастады.

Мекеменин басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, Кылычов учурда "комплекстүү дарылануудан өтүп жатат".

ЖАКтын билдиришинче, аны №1 тергөө абагынын дарыгерлери буга чейин дагы текшерип, кан басымын түшүрүү жана кант диабетин дарыялоо үчүн дары-дармек жазып беришкен.

"Соттолуучу 23-августта жазуу жана оозеки түрүндө №31 абакта дарылануудан баш тарткан. 2-сентябрда Кылычовдун кан басымы көтөрүлүп, СИЗО-1дин дарыгери тез жардам чакырган. Текшерүүдөн кийин дарыгерлер ооруканага жаткырууга негиз табышкан эмес. 4-6-сентябрь күндөрү СИЗО-1деги медкызматтын жетекчиси Кылычовду Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга текшерүүгө сунуштап, стационардык дарылануу зарылдыгын көрсөткөн", - деп жазылган ЖАКтын маалыматында.

Алга Кылычовдун саламаттыгы начарлап, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын "Азаттыкка" 9-сентябрда укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирген. Бул маалыматты адвокаты Жанат Гүлжигитов дагы ырастаган.

Укук коргоочунун сөзүнө караганда, боору ооруп, дарыланып жаткан учурунда абакка кесилген Кылычовдун саламаттыгы түрмөдө начарлап кеткен.

Жазаларды аткаруу кызматы Кылычов учурда жандандыруу бөлүмүндө эмес экенин белгиледи.

Жарандык активист, КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов 21-июнда Аламүдүн райондук соту тарабынан 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, он жылга кесилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айып коюлган.

Ал сот өкүмүнө макул эместигин "Азаттыкка" билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. Ишти негизинен Биринчи май райондук соту карайт. Алга Кылычовдун иши өзүнчө бөлүнүп, Аламүдүн райондук сотуна өткөн.

Кылычев Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Ал тергөө абагында кыйноого кабылганын "Азаттыкка" курган маегинде айтып берген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG