Кыргыз-тажик делегациясынын өкүлдөрү Кожент шаарында жолукту

Эдил Байсалов жана Зиезода Сулаймон Ризой.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган делегация Тажикстандын Кожент шаарына жумушчу сапары менен барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы 9-сентябрда билдиргендей, кыргыз делегациясы Тажикстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өтүүчү салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн алардын чакыруусу менен барган. Сапар алкагында Эдил Байсалов менен Тажикстандын вице-премьер-министри Зиезода Сулаймон Ризой жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады.

"Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн аякташы менен эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бардык багытта өнүгөт деген ишенимин билдиришти", - деп жазылган маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо жыйынтыктоочу баскычка келгенин өкмөттүн 19-августтагы кеңешмесинде билдирген. Мунун алдында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эки өлкөнүн жарандары өткөн 2-3 транзиттик тилке боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын 5-августтагы маалымат жыйында айткан. Министр кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки-үч айда жыйынтык болорун белгилеген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын жарыялашкан.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (КE)

Дагы караңыз

Ашыкча жүк менен жолго чыккан айдоочуларга айып пул салынатОрусиядагы шайлоодо бардык губернаторлор орундарын сактап калдыИзраилдин Сирияга урган соккусунан каза тапкандар 14 кишиге жеттиАба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт