Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Орусиядагы шайлоодо бардык губернаторлор орундарын сактап калды


Шайлоо алдындагы үгүт плакаты. Орусия, Курск облусу, 27-август, 2024-жыл
Шайлоо алдындагы үгүт плакаты. Орусия, Курск облусу, 27-август, 2024-жыл

Орусияда 6-8-сентябрда 21 региондун башчылары, Санкт-Петербургдун губернатору, Москва шаардык думанын депутаттары шайланды. 11 аймакта жана аннексияланган Крымда региондалдык парламентке шайлоо болду.

"Свобода" радиосу кабарлагандай, алдыга озуп чыккандардын басымдуу көпчүлүгү бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын мүчөлөрү. Региондордун бардык башчылары өз орундарында калды.

Санкт-Петербургда добуш берүүчүлөрдүн 70% көбү азыркы губернатор Александр Бегловго артыкчылык бергени маалымдалды.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Элла Памфилованын айтымында, олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок. Ал электрондук добуш берүүгө шайлоочулардын 90% катышканын кошумчалады.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин электрондук системага 300дөн ашуун киберчабуул катталганын, бирок система корголгонун, шайлоо үзгүлтүксүз өткөнүн айтты.

Шайлоого байкоо салган эксперттер менен активисттер айрым учакстоктордогу ыктымал мыйзам бузуулар тууралуу айтып жатышат.

«Настоящее время” телеканалы Башкортостан жумуриятында добушканага келген шайлоочулардын саны бир топ жерлерде эртең менен жана кечинде бирдей болуп чыкканын жазды. Шайлоочулардын укуктарын коргогон “Голос” кыймылы маалымдагандай, мындай көрүнүштү жыйынтыктарды бурмалоого даярдык деп бааласа болот.

XS
SM
MD
LG