Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Ашыкча жүк менен жолго чыккан айдоочуларга айып пул салынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын жана белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында текшерүү иштерин баштады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар 9-сентябрдан 7-октябрга чейин уланат.

Транспорт департаменти ашыкча жүк жүктөп алып, асфальт жолго чыккан айдоочулар Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде тийиштүү протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынарын эскертүүдө.

Аталган министрлик салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында транспорттук көзөмөл күчөтүлүп жатканын билдирди.

Быйыл жаздын келиши менен Бишкектеги жолдордо аң-чөнөктөр көбөйгөнү коомчулукта талкуу жаратып, маселе парламентте да көтөрүлгөн. Айрым депутаттар жолдун сапатына нааразы болуп, чара көрүлүшү керектигин белгилешкен.

Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы калаадагы жолдорду оңдоп, жамоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирген.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине курган маегинде коомчулукта талкууланып жаткан жолдордун сапаты боюнча сындарга жооп берип, жол салууда сапат жагынан кемчиликтер болуп жатканын айтып, ал 3-5 жылда калыбына келе турганын айткан. Президенттин маалыматына караганда, былтыр Бишкек шаарындагы 18 көчөнүн жолун капиталдык оңдоодо 15 жеке компания тартылган. Алардын алтоосунун жумушунда кемчиликтер аныкталып, өз каражатынын эсебинен кайра оңдой турганын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG