Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


10-сентябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жаан, кар, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндуз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндуз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21 градус жылуу болот.

Бийик тоолуу райондордо -1…-6, күндүз 2…7 градус,

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 22…24° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG